Ошто окуучу көчөдө ойноп жаткан кызды байкабай сүзүп алган

20 декабрь 2017 18:01 1024 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош областындагы Араван районунда өспүрүм бир жарым жаштагы наристени унаасы менен сүзүп алган. Бул тууралуу аталган областтык ИИБсинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Окуя кечээ, 19-декабрда, болжол менен кечки саат төрттөрдө болгон. 8-класстын окуучусу унааны сыртка арты менен чыгарып жатканда көчөдө ойноп жаткан кошунасынын баласын коюп алган. "Муну жол кырсыгы эмес кырсык десе болот. Өспүрүм унаасы менен үйдөн чыгып жатканда ошол тегеректе ойноп жаткан кызды көргөн эмес. Баланын жанында апасы да болгон, бул учурда кошуналар менен сүйлөшүп жатып кызы унаага жакын турганын ал дагы байкабай калган. Наристе райондук ооруканага жеткирилген, анын абалы оор. Кечээ өспүрүмдү суракка чакыртып жашы жете элек болгондуктан кайра үйүнө кое беришкен азырынча. Бирок иликтөө уланууда", - деп билдиришкен ИИБсинен.

Бүгүн эртең менен ооруканада жаткан кыз алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгон. Окуучу бала кайрадан суракка чакыртылган. Автоунаа анын атасына таандык экени белгилүү болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10006



Добавить комментарий