Россиядагы жол кырсыктан жабыркаган кыргызстандык наристеге операция жасалды

20 декабрь 2017 17:39 744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиядагы жол кырсыгынан жабыркаган он айлык наристеге операция жасалды.

Эске салсак, ушул жылы 7-декабрда Самара областында саат 5:00дө, М-5 «Урал» автожолунун 82-чакырымында жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен эки кыргызстандык жаран каза тапкан. Ал эми дагы бир аял менен кичинекей ымыркай оор жаракаттары менен бейтапканага жаткырылган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдиргендей, балага операция жасалды.

19-декабрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери он айлык Ж.Ш. аттуу кыргызстандык балага операция жасалган Москвадагы Борбордук балдар ооруканасына барышкан. Операцияны профессор В.В.Николаев жасаган.

"Элчиликин кызматкерлери ымыркайдын энеси Азима менен жолугушкан. Ал балага экстрофия жана жамбаш сөөктөрү боюнча жасалган операция ийгликтүү өткөнүн билдирген. Наристенин энесине элчиликтин кызматкерлери тарабынан чогултулган материалдык жардам жана балдардын тамагы берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10004



Добавить комментарий