Цирк кызматкерлеринин каршы болгондоруна карабай, Фархад Бекманбетов жетекчи болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Кыргыз мамлекеттик цирктин жетекчилигине Фархад Бекманбетов дайындалды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Маданият минитсрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.
Белгилей кетсек, мамлекеттик цирктин кызматкерлери Бекманбетовдун жетекчи болуп дайындалышына каршы болушуп, акция өткөрүшкөн. 21-январда цирктин артисттери ак үйгө чейин митингге чыгышып, өмүр бою эмгегин циркке арнаган Аида Акматованы колдоорун айтышкан. Акыркы маалыматтарга караганда, 35 адам жумуштан кетүү боюнча арыз беришкен.
Эске салсак, мурунку 2004-жылдан бери жетектеп келген жетекчи Курмангазы Исанаев 20-декабрда кызматынан бошотулган.
Добавить комментарий ×