Чыпалак баатырдын ырдаганы интернет колдонуучулардын талкуусуна тушту. Видео

4 июнь 2018 11:00 4230 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чыпалак баатырдын ырдаганы интернет колдонуучулардын талкуусуна тушту.

Өзүн азыркы замандын Кожомкулу атаган,ар кандай өнөрү менен таң калдырып келген Чыпалак баатырдын күйөрмандары эми анын ырчылык өнөрүнө күбө болушту.
Ал телеканалдардын бирине конок болуп, маектин жүрүшүндө көрүүчүлөрдүн суроолору боюнча Б. Борбиевдин «Суктанам» аттуу ырын аткарып берген.

Бул видео интернет айдыңында кызуу талкууга алынып жаткан мезгил. Социалдык тармактардын колдонуучулары ар түрдүү билдирүүлөрдү калтырышкан. Бири анын ырдаганын катуу сынга алса, айрымдары Чыпалак баатырдын кезектеги өнөрү күйөрмандардын көңүлүн көтөргөнүн жазышкан. Эске салсак, Зарылбек аттуу мырза буга чейин чыпалагы менен ар кандай оордуктарды көтөрүп, Чыпалак баатыр атка конгон жана интернет жылдызына айланган. Видео бул жерде.

Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyrdyn-yrdagany-internet-koldonuuchulardyn-talkuusuna-tushtu-video



Добавить комментарий