Чыпалак баатырдын өйдө-ылдый ырдап чыгарган видеолору элдин жинине тийди
Коомчулука өзүн "XXI кылымдын Кожомкулумун" деп тааныштырган Чыпалак баатыр акыркы күндөрү мааниси жок кылыктарын көрсөтүп, өйдө-ылдый ырдап видеолорун интернеттеги ютуб каналына жүктөй берчү болду. Муну көргөн көпчүлүк "Кыргыздарды уят кылбачы?-деп суранып да жиберишти. Ал бул жолу "Биз" тобунун "Буй-буй" чыгармасын жандуу аткарып, видеону толугу менен өзүнүн ютуб каналынан бөлүштү.
Видеодо "Чыпалак баатыр" чоң дарака чыгып алып абдан берилүү менен ырдап жатканын байкоого болот.
Ал эми көпчүлүк интернет колдонуучулары Зарылбектин бул аракетин катуу талкууга алууда. Пикирлердин басымдуу бөлүгүндө "Чыпалак баатырдын" дарегине терс ой-пикирлер жазылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyrdyn-jd-yldyj-yrdap-chygargan-videoloru-eldin-zhinine-tijdi
Добавить комментарий ×