Чыпалак баатыр түкүрүк идиш алып жүрөөрүн айтып элди таза болууга чакырды
Коомчулукка Чыпалак баатыр деген каймана ат менен таанымал болгон Зарылбек акыркы учурларда өзүнүн куудулдук өнөрүн видеого тартып элге бөлүшүп келет. Ал эми көпчүлүк жакшы билгендей жыл жаңыргандан тарта "түкүрүк" боюнча мыйзам ишке кирген. Бул мыйзам долбоору ар тараптуу катуу талкууга алынып, ар түрдүү видео роликтер чыга баштады. Алардын катарын Чыпалак баатыр да толуктады.
Чыпалак баатыр шаар аралап жүрүп түкүрүү үчүн идиш салып жүргөнүн видеосу менен бөлүштү. Анда Зарылбек:
"Шаар таза болсо айылдар да таза болот. Ынтымака келели. Мына ушундай идишке тышташ керек", -деп элди шаарды таза болууга чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyr-tkrk-idish-alyp-zhrrn-ajtyp-eldi-taza-boluuga-chakyrdy
Добавить комментарий ×