Чыныбай Турсунбековдун ырларынан: "Дөө деп жүргөн адамым көрсө бөө экен"

19 октябрь 2020 15:49 2628 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат, акын жана ишкер Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай атсынын айрым кесиптештерине арнап жазган ырын жарыялады. Бул тууралуу Турсунбекованын фейсбук баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырда Чыныбай Турсунбеков бийик тутуп, мыкты деп сыйлаган инсанына иреенжип, көңүлү калып  турганы айтылат.

Бөөгө айланган дөө жөнүндө ыр

Дөө деп жүргөн адамым бөө экенин,

Аны жандап жүргөндөр чөө экенин,

Аларга мен сордуруп өркөчүмү,

Арасында жүргөн бир төө экемин, -

Десем досум күлгөнсүң кыткылыктап,

Кыйын эмес каткырыш, кыткылыкташ,

Каршы чыксам бир ирет ошол бөөгө,

Чөөлөрүнө заматта кеттиң ыктап.

Мен аныңа кенедей кайгырбадым,

Билип турам анткени жандырмагын:

«Жакындасам канчалык — мен ошончо,

Бөөдөн алам жашоонун жан жыргалын» -

Деген үмүт турганда көкүрөктө,

Турдуң ага сен дагы өчүрөткө.

Келип калаар кезегиң аман жүрсөң,

Чөөлүгүңө эгерде көзү жетсе —

Ырылдаса кошулуп тырыңдасаң,

Кыжыңдаса кошулуп мыжыңдасаң,

Атаң, апаң, досуң да ошол болуп,

Башка эч бир адамга сыйынбасаң!

Дөө деп жүргөн адамың бөө экенин,

Аны жандап жүргөндөр чөө экенин,

Сүйкөнөм деп ойлосоң сен аларга,

Сүйгөн жалгыз боёгу көө экенин

Унутпагын!

Бул чыгарма 2017-жылы Чыныбай Турсунбековдун президенттик шайлоого катышуу тууралуу оюн айткандан кийин, ага карата жанында эле жүргөн айрым адамдар тарабынан кысымдар башталгандан кийин жазылса керек.

Маркум Чыныбай Турсунбеков тирүү болгондо дагы бир канча ырлары жарык көрүп, адабият сүйүүчүлөрүнө табылгыс сөз байлыгын тартууламак.



Ссылка: https://barometr.kg/chynybaj-tursunbekov-bg-ajlangan-d-zhnnd-yr-degen-chygarmasyn-sayasattagy-ajrym-kesipteshterine-karata-zhazsa-kerek



Добавить комментарий