Чыңгыз Айдарбековко коронавирус жукту

14 июль 2020 13:45 1862 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен 11 күн күрөшүп, абалы жакшырганын айтты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дипломаттын айтымында ал коронавирус менен эки жумадай күрөшүп, учурда абалы жакшы.

“Он бир күн дене табым көтөрүлдү. Көзгө көрүнбөс дарт менен менин иммундук системам алп урушуп жатып, абалым жакшыра баштады. Убакыт аз, жумуш көп”, - деди Айдарбеков.

Ошондой эле, аталган министрликтин кызматкерлери колундагы чакан ресурстарды коронавирус менен күрөшүү үчүн колдонуп жатканын белгилеп өттү.

“Оор күндө биздин команда бир дагы мүнөткө токтобой, колдо бар чакан ресурстун жардамы менен мекендештерге жардам көрсөтүп келе жатат. Жардам өз убагында келбей жатканына өкүнөбүз, бирок биз колдон келген нерселердин баарын кылып жатабыз. Дипломаттардын кээ бири ооруп жатышса да, аралыктан иштешип жатышат. Өз ишин элге көрсөтүш үчүн эмес, чын дилден, ак мээнети менен жумушун так аткарып жатышат”, - деп кошумчалады Тышкы иштер министри.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ajdarbekovko-koronavirus-zhuktu



Добавить комментарий