Чыгыш-5 кичи районундагы көпүрөнүн жанынан 216 кичи автобус менен жеңил автоунаа кагылышты
Бөлүшүү:
Чыгыш 5-кичи районундагы көпүрөнүн жанынан 216 кичи автобус менен ВАЗ-21099 үлгусүндөгү жеңил автоунаа кагылышты. Бул тууралуу Чүй райондук ИИБнен билдиришти. Ал эми кырсык болгон жердеги видео фейсбук баракчасына чыкты.
Окуяны көргөн күбөлөрдүн айтымында , жеңил унаанын айдоочусу туура эмес жерден артка бурулган. Укук коргоо органдарынын берген маалыматына ылайык 4 адам жабыркаган. Айдоочулар дагы жаракаттарды алышкан.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Добавить комментарий ×