Чукул кабар. Бишкектин ботаникалык бакчасында өрт чыкты
Бөлүшүү:
Ушу тапта Бишкек шаарынын Октябрь районундагы ботаникалык бакта өрт тутанууда. Мындай чукул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында
куураган чөптөн өрт чыккан.
Учурда өрттү өчүрүүгө саат 15:07де ӨКМдин өрткө каршы кызматынын 1 бөлүм тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/chukul-kabar-bishkektin-botanikalyk-bakchasynda-rt-chykty
Добавить комментарий ×