Чубак ажы Жалилов гомосексуалисттер тууралуу кандай пикирде?

30 март 2019 12:32 3724 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов “«Ошентип төрөлүп калышса ким күнөөлүү, алар деле адам да», деген акылдууларга керек маалымат экен..” деп пикирин жазып, golosislama.com булагындагы кабарды социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

“Окумуштуулар далилдешти - гомосексуалист болуп төрөлбөйт” деген аталыштагы кабарда “Калифорния университетинин окумуштуулары гей-бачабаздыкка ыңгайлуу болуу сырткы чөйрөнүн таасиринен улам пайда болот деген жыйынтыкка келишкени” жазылган.

“Гомосексуалист болуу каалоосу тубаса төрөлгөндөн же дене түзүлүшүнүн кемтигинен улам пайда болбойт. Генетикадагы үзгүлтүк жана ген аркылуу берилген нерселер адамдын сексуалдык тандоосуна таасир бербейт.

Окумуштуулардын тажырыйбалары жана изилдөөлөрү гей болуп төрөлуу мүмкүн эместигин далилдеди”,-деп жазылган golosislama.com булагынын кабарында.

Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhy-zhalilov-gomoseksualistter-tuuraluu-kandaj-pikirde



Добавить комментарий