Чоң-Алай районунда шамал бир мектептин, 29 турак үйдүн чатырларын учуруп кетти

24 декабрь 2019 16:30 804 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чоң-Алай районунда 21-декабрдан 22-декабрына караган түнү ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен катуу шамал катталып, Кашка-Суу а/а Кара-Кабак айылында маданият үйүнүн, 1 орто мектептин жана 8 турак үйдүн 32 даана шиферин жана 96 ч.м. чатырын, Кашка-Суу айылында 7 турак үйдүн 32 даана шиферин жана 398 ч.м. чатырын, Ачык-Суу айылында 2 турак үйдүн 71 ч.м. чатырын, Кабак айылында 2 турак үйдүн 35 ч.м. чатырын, Жайылма айылында 3 турак үйдүн 9 даана шиферин шамал учуруп кеткен. 

Мындан сырткары Чоң-Алай а/а Жаш-Тилек айылында 2 турак үйдүн 30 ч.м. чатырын,  Дароот-Коргон айылында 4 турак үйдүн 290 ч.м. чатырын жана Жекенди а/а Шибе айылында 1 турак үйдүн 12 ч.м. чатырын шамал учуруп кеткен.  

Ж алпы район боюнча:  2 социалдык объектинин, 29 турак үйдүн 48 даана шиферин жана 932 ч.м. чатырын шамал учурган КР ӨКМнин Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жрандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/cho-alaj-rajonu-2019-zhyldyn-21-dekabrynan-22-dekabryna-karagan-tn-yldamdygy-sekundasyna-22-28-metrge-zhetken-katuu-shamal-kattaldy



Добавить комментарий