Чүйдө турак үй өрттөнүп, 62 жаштагы киши каза болду

25 март 2021 11:25 1537 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүйдө өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 25-март күнү саат 01:20 чамасында Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы Крупский көчөсүнүн №15 дарегинде турак үйдө өрт чыккан.

“Өрттөн турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1959-жылы туулган эркек киши каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Учурда өрттүн себебин тактоо иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-turak-j-rttnp-62-zhashtagy-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий