"Түндүк электр" Чүй, Талас облустарында оңдоо иштерин баштады

29 март 2019 10:11 586 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында «Түндүк электр» ААКнын райондук электр тармактары жыл сайын мерчемделүүчү оңдоо иш-чараларын баштады. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына иш кананын маалымат кызматынан билдирди.

Март айынын башынан бери «Түндүк электр» ААКнын Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында райондук электр тармактары жыл сайын мерчемделүүчү оңдоо, капиталдык курулуш, электр жабдыктарын техникалык жактан кароо иштерин баштады.

Мисалы, 2019-жылы «Түндүк электр» ААКнынАламүдүн райондук электр тармактарында калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында жол жээгиндеги 46 чакырым 0,4-6-10 кВ аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бактардын бутактарын кесишет.

Андан тышкары Байтик, Кашка-Суу, Ленинский, Виноградное, Васильевка, Октябрьское, Маевка, Пригородное, Восток, Аламудун айылдарында 71,1 чакырым 0,4 кВ аба чубалгылары өзүн-өзү кармап туруучу зымдарга алмаштырылат. Бул зымдар салмагы боюнча да оор эмес, кар жабышпайт жана шамалга туруктуу. Аламүдүн РЭТинин башкы инженери Кадырбек Темиркановдун айтымында өзүн-өзү кармап туруучу зымдарды колдонуу менен биз техникалык жоготууларды азайтып, калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылабыз. Буга чейин жогоруда аты аталган айылдардын жашоочулары кышкысын электр энергиянын кубаттуулугу аз болуп жатат деп арызданып келишкен. Эми бул маселе оң жагына чечилет.

Бул иштерден тышкары энергетиктер Дачное жана Кара-Жыгач айылдарындагы эки комплектүү көмөкчордондук трансформаторлордун шкафтарын жаңылайт; Лебединовка, Чоң-Таш жана Ленинский айылдарына үч кошумча көмөкчордон орнотот; Васильевка, Константиновка, Октябрьское, Ленинское, Лебединовка, Восток, Пригородное, Маевка сыяктуу калктуу пункттардагы кубаттуулугу аз 15 көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатат.

Ушул сымал иштер Чүй облусунун дагы бир чоң району Сокулук районунда жүргүзүлүүдө. Жалпысынан Сокулук РЭТте 2019-жылдын оңдоо иш-чараларынын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн 10-6-0,4 кВ чыңалуусундагы 95,72 чакырым аба электр чубалгыларынын боюндагы бак-дарактардын бутактары кыркылып, 10 кВ чыңалуусундагы 4,1 чакырым аба электр чубалгысы реконструкцияланат.

Ошондой эле, Чат-Кёль, Гавриловка, Кунтуу, Шалта, Фрунзе, Озерное, Новопавловка, Селекция айылдарында 0,4 кВ чыңалуусундагы 54,451 чакырым аба электр чубалгылары өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкцияланат. Аталган айылдардын тургундары жылына кыш мезгилинде төмөн болгон чыңалуу көйгөйүнө туш болушчу. Сокулук РЭТ башчысы Асхат Бердиевдин айтымында, өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу бул маселени чечет жана жабдуунун ашыкча жүктөм менен иштөөсүн жокко чыгарып, электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, техникалык жоготууларды төмөндөтүүгө алып келет.

Бул иштерден сырткары, энергетиктер Шопоков шаарындагы, Военно –Антоновка, Камышановка, Сокулук, Төш-Булак, Асылбаш айылдарындагы 11 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондордун шкафтарын алмаштырат. Ошондой эле, Военно-Антоновка, Сокулук, Новопавловка, Джаны-Пахта, Заря, Мирное айылдарына 7 кошумча трансформатордук көмөкчордондордун орнотулушу мерчеделүүдө. Шопоков шаарында жана Манас, Джаны-Джер, Джаны-Пахта, Восточное, Новопавловка, Военно-Антоновка, Сокулук, Романовк айылдарында ашыкча жүктөм менен иштеген 15 трансформатордук көмөкчордондордун кубаттуулугу жогорулатылат.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-talas-oblustarynda-zhana-bishkek-shaarynda-severelektro-aak-odoo-ishterin-bashtady



Добавить комментарий