Чүй-Талас беттешти. Чүйлүк Көк-Бөрүчүлөрдүн капитаны болуп Канат Исаев ойноду

3 декабрь 2018 14:46 1131 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

40 жаштан өйдө ардагерлер арасында Көк-бөрү оюну ойнолуп,  "Чүй-Талас ынтымагы" турниринин алкагында эки облустун оюнчулары күч сынашты. Чүйлүк ардагерлердин капитаны болуп, мурдагы Көкбөрү федерациясынын жетекчиси Канат Исаев ойноду. Бул тууралуу  Бермет Исаева Фейсбуктагы баракчасына атасы тууралуу жазды.

"Кечээ атам Чүй ардагерлеринин командасынын капитаны болуп, өзү ойноду. Абдан жакшы оюн болду. Атам менен сыймыктанам"-деп жазган. 

Оюнда  4:1 эсебинде Таластын 40 жаштан ашкан улакчылары жеңип кеткен.

Турнирдин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.  Ал 30-ноябрда башталып, жалпысынан 10 команда катышты. 

Ссылка: https://barometr.kg/chj-talas-betteshti-chjlk-kk-brchlrdn-kapitany-bolup-kanat-isaev-ojnodu



Добавить комментарий