Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Мияров дайындалды

15 октябрь 2020 10:41 414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Садыр Жапаров Мирбек Мияровду өкмөттүн Чүй облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» КРын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Мирбек Ибаратович Мияров (1984-жылы туулган) Кыргызстандын өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblusunun-yjgarym-ukuktuu-kl-bolup-mirbek-miyarov-dajyndaldy



Добавить комментарий