Чүй областындагы Өнүгүү фондунун төрагасы болуп Кубат Мамыров шайланды
Чүй областындагы Өнүгүү фондунун төрагасы болуп Кубат Мамыров шайланды. Мындай чечим 29-июнда фонддун кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Кемин шаардык кеңешинин депутаты Кубат Мамыровдун фонддун төрагасы кызматына талапкерлигин Чүй областынын Өнүгүү фондунун кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү колдошту.
Белгилей кетсек, Чүй областындагы Өнүгүү фондунун кеңешинин курамына бир катар жергиликтүү кеңештин депутаттары, төрагалар жана мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кирген.
Мындан тышкары кеңештин жыйынында Чүй областындагы суунун тартыштыгына байланыштуу фонддун каражаттарынан тез ремонттоочу-калыбына келтирүүчү иштерге КРнын өкмөтүнүн Чүй областындагы атайын өкүлү Эркин Тентишевдин буйругу менен берүү чечими кабыл алынды.
Кубат Мамыровдун айтымында, жыйындын жыйынтыгы менен фонддун приоритеттүү багыттар боюнча ишинин планы кабыл алынды.
"Ичүүчү таза суу, ирригациялык системалар, жумушчу орундарды түзүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу боюнча долбоорлор каралды”,-деп айтты фонддун жаңы төрагасы.
Жыйынга КРнын өкмөтүнүн Чүй областындагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нуриль Алымбаев, областык администрациянын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакыт Орозбаев катышты.
Алымбаев кеңештин жаңы түзүлгөн курамына ийгилик каалап, алардын биринчи кезекте Чүй областында сугат суунун тартыштыгына улам келип чыккан маанилүү маселелерге көмөк берүүгө чакырып өттү.
"Буга чейин областтагы Өнүгүү фонду жергиликтүү маанидеги көптөгөн маселелерди чечип келген. Алдыга көп пландар коюлду, аткара турган иштер көп. Эң эле маанилүү маселелер биринчи кезекте каралат”,-деп айтты ал.
Маалымат кат
Кубатбек Шамырбекович Мамыров 1986-жылы 11-сентябрда туулган.
2002-жылы Кеминдеги № 1 орто мектепти бүтүргөн. 2002-жылдан 2004-жылга чейин Ш. Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв боюнча республикалык окуу жайда окуган.
2009-жылы Жусуп Баласагын атындагы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн.
2011-2013-жылдары КМЮАнын юриспруденция факультетинде окуган.
2012-2021-жылдар - Шаардык кеңештин депутаты, Кемин шаардык кеңешинин төрагасы болуп эки ирет шайланган.
2017-2021-жылдары- Кемин райондук өнүгүү фондунун төрагасы болуп иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblastyndagy-ng-fondunun-tragasy-bolup-kubat-mamyrov-shajlandy
Добавить комментарий ×