Чүй областында 23 жаштагы жигит байкесин бутка атып чолок кылды

16 май 2019 10:47 1182 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өзүнүн тууганын атып салган эркекти кармады. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 

13-майда болжол менен саат 11:30да Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Ак-Торпок айылында атышуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо барган ыкчам топ 13-майда болжол менен саат 11:00дө туугандар арасында чатак болуп алардын бири курал колдонгону тууралуу фактыны аныктады.

Москва районунун Ак-Торпок айылынын тургуну 23 жаштагы Д. Б. ушул эле айылдын тургуну 51 жаштагы Д. Мны атып салганы белгилүү болду. Д. М.ооруканага жеткирилип бутуна ок жегендиктен анын бутун кесишти.

Окуя болгон жерде ИЖ-16 куралы табылды.Учурда шектүү камакка алынып, кылмышты иликтөө башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblastynda-23-zhashtagy-zhigit-bajkesin-butka-atyp-cholok-kyldy



Добавить комментарий