Чек арадан башка паспорт менен өтүп бара жаткан Кыргызстандын жараны кармалды

2 октябрь 2018 10:50 859 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын 1-октябрында “Чечме-автожол” өткөрүү пунктунун чек арачылары   мамлекеттик чек араны бузган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтык бөлүмүнөн билдиришти. 

Анда айтылгандай, 1997-ж.т., А.А., аттуу Кыргызстандын жараны  Өзбекстандын Сох  анклавына  бөтөн паспорт менен  кирүүгө далалат кылган.

Паспорттук көзөмөлдү өтүү учурунда ал  чек ара кезметине  1985-ж.т., С.Ш., аттуу жаранга таандык  паспортту көрсөткөн.

 Тыкыр текшерүүнүн  учурунда  чек арачылар   документтеги сүрөт менен аны көрсөткөн адамдын келбетиндеги дал келбестиктерди  табышкан. Мындан соң  А.А., аттуу жаран  тууганынын паспортун пайдаланганын  мойнуна алган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң  кармалган  жаран  КР ИИМ территориалдык  бөлүгүнүн  кызматкерлерине тапшырылып берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradan-bashka-pasport-menen-tp-bara-zhatkan-kyrgyzstandyn-zharany-karmaldy



Добавить комментарий