Чек арачылар бир күнгө аскерий формасын чечишти – сүрөт
5-марта ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнүнө карата чек арачылар улуттук кийимдерди кийип, саптык катарга тизилди. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
“Биздин чек арачы эркектерибиз менен аялдарыбыз кандай жакшынакай экенин карагылача. Алар бир гана күн (5-март ак калпак күнүнө карата – ред.) “улуттук стилде” тизилишти”, — деди ал.
5-март — ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнү. Ал 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган.
Бул күндүн урматына Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жыйынга дагы ак калпак кийип келишкен болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-arachylar-bir-kng-askerij-formasyn-chechishti-srt
Добавить комментарий ×