Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу
Бөлүшүү:
Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Ведомстводон тастыкташкандай, тажик тарап чек аранын такталбаган бөлүгүнө жол курууну баштоо аракетин кылган.
“Жергиликтүү бийлик калк менен иштеди. Ошондой эле чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду, ушундан кийин жолдун курулушу токтоду. Азыркы учурда райондо абал туруктуу”,-деп кабарлашты Мамлекеттик чек ара кызматынан.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-kyzmaty-kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-abal-turuktuu
Добавить комментарий ×