Чек ара кызматы: “Достук-автожолу” бекети свет жок болуп убактылуу эле токтоду
Бүгүн 14 августта “Достук-автожолу” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 15 саат 21 минутада электр энергияны авариялык өчүрүүгө байланыштуу жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү мамлекеттик чек арадан өткөрүү убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара Кызматынын коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
“Саат 15:53 мүнөттө электр энергиясы берилип, эми сырткы миграцияны эсепке алуу Бирдиктүү системасы кайра жандандырылды. Ага 20 мүнөттөй убакыт талап кылынат.
Урматтуу жарандар, кесиптештер, достор! Бул убактылуу көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз.
Ишенип койгула, биз мамлекеттик чек арадан өтүүчүлөргөн мүмкүн болушунда жагымдуу шарт түзүп берүү үчүн биздин колдон келген иштердин баарын жасайбыз”, - деп билдирет Гүлмира Бөрүбаева.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-kyzmaty-dostuk-avtozholu-beketi-svet-zhok-bolup-ubaktyluu-ele-toktodu
Добавить комментарий ×