Чакан жуунчу бөлмөнү кантип жасалгалоо керек?

23 март 2019 15:09 2214 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгерде сиздин ваннаңыз чакан болсо аны кандай жасалгалоо керектигин дизайнерлер сунуш кылышат. Ал үчүн төмөндөгү бир нече кеңешке көз жүгүртүңүз.  

1-кеңеш: Ачык өңдөрдү колдонуңуз! Мындай болгон учурда ванна кенен жана чоң көрүнүп калат. Бул үчүн агыш, кызгылт жана ачык жашыл түстөрдү тандасаңыз жаңылышпайсыз.

2-кеңеш: каалганын үстү жагына текче жасатыңыз! Бул учурда мейкиндикти туура колдонуп, ал эми текчеге сүлгү жана башка ваннага керектүү буюмдарды коюп аласыз.  

3-кеңеш: күзгүнүн айланасына да текче колдоңуз! Бул буюмдарды жана косметикалык каражаттарды сактоого ыңгайлуу жай болуп калат.

4-кеңеш: чоң күзгү тагыңыз! Күзгү ваннадагы алмаштыргыз атрибут болуп саналат.Ошол эле учурда ал мейкиндикти кенен көрсөтөт. Дагы башка идеяларды төмөнкү сүрөттөрдөн карасаңыз болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chakan-zhuunchu-blmn-kantip-zhasalgaloo-kerek



Добавить комментарий