Чакалай (псориаз) эмнеден пайда болот?

18 май 2022 10:24 4771 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чакалай (псориаз) – бул теринин жана баштын чачтуу бөлүгүнүн өнөкөт, кайталануучу оорусу. Анда териде «кабырчык» пайда болуп, кийин ар кандай өлчөмдөгү бляшкаларга айланат. Бул ооруга ар кандай жаштагы эркектер да, аялдар да чалдыгышат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, псориаз менен бүткүл дүйнөнүн өлкөлөрүндө калктын 5% на чейин оорушат. Ооруну мезгилдүүлүгү айырмалайт. Жүргүзүлгөн көп жылдык байкоолор псориаздын жугуштуу эмес оору экенин далилдейт.

 Бул эмнеден пайда болот?

Чакалайдын (псориаз) пайда болуу теориялары бир нече: Тукум куучулук теориясы (үйбүлөлүк учурлардын көпчүлүгү 24% дан 39,6% га чейин кеңири түрдө вариацияланып турат). Жаракаттын системалуу мүнөзү жана кайталануулары күбөлөндүргөн вирустук теория.Псориаздын пайда болуусунда адамдын организминдеги нейроэндокриндүү бузулуулар, иммунитеттин төмөндөшү, диетанын бузулуусу жана ошондой эле алкоголду аша колдонуу чоң ролду ойнойт.

 Диагноз

Териде кандайдыр бир нерселер пайда болгондо дарыгер-дерматологго кайрылуу керек. Эгерде чакалай (псориаз)  деген диагноз коюлса, ар кандай мөөнөттөрүн такташат. Дарылоонун ийгилиги диагноздун туура коюлушунан көз каранды.

Ссылка: https://barometr.kg/chakalaj-psoriaz-emneden-pajda-bolot



Добавить комментарий