Быйыл абитуриенттер окуу жайларга онлайн-режим аркылуу өткөрүлөт

25 июнь 2021 11:09 529 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандап алуу жана өткөрүү онлайн-режим аркылуу болот. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров билдирди.

Анын айтымында ЖОЖдорго өтүш үчүн «Абитуриент онлайн» деп аталган автоматташтырылган электрондук система иштейт. Абитуриент аталган система аркылуу арыз берүүгө тийиш.

https://2020.edu.gov.kg/ сайтында онлайн каттоо тууралуу баардык маалыматтар жайгаштырылып, абитуриенттер жана директорлор үчүн катталуу, логин жана сырды сөздү алуу боюнча видео көрсөтмөлөр жүктөлдү”,-деп айтты Омуров.

Эскерте кетсек, өткөн жылы да коронавирус пандемиясынан улам кабыл алуу өнөктүгү онлайн режимде болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-abiturientter-okuu-zhajlarga-onlajn-rezhim-arkyluu-tkrlt



Добавить комментарий