БУУнун өкүлчүлүгү ала качкан кыздын өлүмүнө тынчсызданды
31-май – Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасы жалпы маалымат каражаттарында чагылдырылган ала качууга дуушар болгон кызды өлтүрүү боюнча кылмыш тууралуу тынчсыздануусун билдирет.Бул тууралуу КРдагы БУУнун өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Акыркы ачык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда турмушка чыгууда 24 жашка жете элек кыздардын 13.8 пайызы мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болгон. Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму бул мыйзамсыз иш-аракеттерди түп-тамыры менен жок кылууну Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен 2022-жылга чейин коюлган келишимдерге ылайык приоритет катары колдоого бекем турат.
Жаш балдар менен жана/же мажбурлоо менен турмуш куруу бул адам укуктарынын фундаменталдуу түрдө бузулушу жана ага дуушар болгон жеке адамдар гана эле эмес, жалпы коомдун сак-саламаттыгына терең терс таасирин тийгизет. Кыз ала качуу же мажбурлоо менен никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тийешеси жок жана калктын аярлуу тобунун укугун бузат.
Кыргызстан жашы жете электер менен никеге турууну мыйзамсыз деп аныктаган мыйзам негизин бекемдөө үчүн маанилүү кадамдарды жасады. Бирок бул көрүнүштүн алдын алуу жана кыздарды ала качкандарды кылмыш жообуна тартуу, ошондой эле жапа чеккендердин саламаттыгын камсыздоо боюнча көп чаралар көрүлүшү зарыл.
Кыргызстандагы БУУ агенттиктери Кыргызстандын тийиштүү органдарын бул сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн өлкө мыйзамдарына жана кол койгон эл аралык келишимдерге ылайык бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/buunun-klchlg-ala-kachkan-kyzdyn-lmn-tynchsyzdandy
Добавить комментарий ×