Бурулайдын окуясы Казакстанда кайталанды. Турмушка чыккандан баш тарткандыгы үчүн кыздын башын кесип салган
Казакстандын Тасбогет айылына жакын жердеги дамбадан агайы студентинин башын алып салган. Бул каргашалуу окуяга кыз өзүнүн агайынын үйбүлө куруу сунушун кабыл албай койгондугу себеп болгон. Бул тууралуу life.ru жазып чыкты.
Шынгыс Бекенов 26 жашта, ал эми маркум Назерке Бекжанова 21 жашта болгон.
Маалыматка ылайык Шынгыс Назеркеге үйлөнүү сунушун киргизгенде кыз ойлонуп "жок" деген жоок айткан. Анткени жигит кыздын ата-энесине жаккан эмес. Бул окуядан кийин шектүү Назеркени айылга жакын дамбага алып барып башын кесип салган жана өзүнүн да өмүрүн кыюуга аракет жасаган.
Кыздын денеси шектүүнүн унаасынан ал эми башы жакын жерден табылган. Өзүнө кол салаар алдында Шынгыс экөөбүздү бир жерге койгула деп кат да жазган.
Ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Эгерде күнөөсүн мойнуна алса анда ал 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылууда.
Добавить комментарий ×