Жеңил жашоонун сырлары кандай?
Үй-бүлѳ куруу сенин маселеңден, жан дүйнѳңдүн жалгыздыгынан, боштугунан куткарбайт. Адистердин айтымында, башка адам сенин алсыздыктарыңды компенсация кылбайт, тескерисинче ал кайра күчѳтүп, басмырлашы мүмкүн. Ошондуктан ѳзүңдүн алсыздыгың менен ѳзүң гана күрѳшүү керек. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Ар бир адамдын жашоосунда тандоо бар. Ошол тандоодо кайсы бир адамга басым жасоо менен тандабаңыз. Эгер шектенүү бар болсо жасабай эле койгон туура. Эгер сеники эмес экенин түшүнүп турсаң койбер. Ар бири ѳз жолун тандоого жана жаңылууга укуктуу. Так ушундай жол менен менен биздин жашоо курулат дейт психолог Оксана Цыпина.
Ал мындай кеңеш берет:
1. Силерге эч ким эч качан үй-бүлѳ куруу сени эч бир маселеден, жалгыздыктан, боштук сезимдеринен куткарбайт. Башка адам сиздин алсыздыкты компенсация кылбайт, тескерисинче ал кайра күчѳтүп, басмырлашы мүмкүн. Ошондуктан ѳзүңдүн алсыздыгың менен ѳзүң гана күрѳшүү керек.
2. Сизге эч ким чындыкты, чынында эле жалгыз болгон жакшы экенин, айла жок баарына макул болбоо керектигин айтпайт.
3. Балдар –бакыт деген дайыма туура келе бербейт. Бала бул маселе, уйкусуз түндѳр, ѳзүңѳ арналбаган убактар. Эгер ушул нерселерди туура кабыл алсаңар, туура. Бирок балалуу болсом эле сонун жашоо башталат деген божомол ой толгоолор болсо ойлонгула. Сизге балалуу болуунун кереги барбы?
4. Мамиле бул - өз ара жоопкерчилиги, жана ар бир адам эмес, өнөктөшү эмес, өздөрү үчүн ѳзү жооп берсе, андан кийин баары жакшы жана эркин боло турган ыңгайлуу мамиле.
5. Идеалдуу үй-бүлѳ эч качан болбойт. Ар биринин ѳз кемчилиги ачылбаган, алсыздыгы бар.
6. Сүйүү тез эле жок болот. Эгерде силер бири бириңер менен сүйлѳшүп, кам кѳрүп, сыйлаганды үйрѳнбѳсѳңѳр, мамиле куруунун кереги жок. Сиз андай деңгээлге жете элексиз.
7.Кѳпчүлүк жуптар жыныстык мамиледе бири-бирине жалган айтышат. Аял эркек жыныстык мамиледе ырахат ала албайт. Ошондуктан ачууланып жүрүшѳт. Бири-бириңерге жыныстык мамиледеги калоолоруңарды ачык айтканды үйрѳнгүлѳ.
8. Башында эле түгѳйүңүз менен жалпы нерсе жок болсо, кийин пайда болот деген туура эмес. Ошондуктан кѳп убакыт ѳткѳндѳн кийин арызданбагыла башынан эле тандап жатканда байкаган нерсени эске алуу керек.
9. Ѳзүңѳр катачылыктарды моюнга алганды үйрѳнгүлѳ. Эгер туура эмес тандаганыңызды моюнга алсаңыз, андан кетиш керек. Башканын да ѳзүңдү да алдап баштарын маң кылбагыла.
10. Адамдар ѳзгѳрбѳйт. Алар ѳзүлѳрүнүн маскаларын чечип ачыла башташат. Ѳзүңүздүн сүйүүңүз менен эч нерсени ѳзгѳртѳ албайсыз. Аны ѳзгѳртүүгѳ аракет кылганыңыз сиздин катаңыз. Эгерде ал ѳзү ѳзгѳрүүгѳ чечим кылбаса.
11. Эч бир руханий тажрыйба сени реалдуу маселеден куткарбайт. Сиз аларды кѳрбѳй калсаңыз эле алар жок болуп кеткен жок. Ошондуктан маселелрди реалдуу кадамдар менен чечкен туура.
12. Башка бирѳѳлѳрдүн кеңеши менен жашабаңыз. Ѳзүңдүн жана жакындарыңыздын жан дүйнөсүнѳ адис эместерди киргизбе. Ар бир адамдын башында ар кандай жаман нерселер бар экенин унутпа.
13. Эркетер менен ѳтѳ жѳнѳкѳй, аларды колдоп, угуп, тамактандырып, үйдѳгү ордун талашпа. Ал эми аялдарга, сүйлѳшүү, коргоо сезимин толтуруу, сүйүү берүү керек. Эгер чын дилден мамиле жасап, аны талкалоо сезими болбосо баары менен оңой.
14. Үй-бүлѳ куруу, балабуу болуу учуруна качан даяр болсоң ошондо аракет жаса. Коомдун элдин ою таасир бербеши керек.
15. Эгер ката кетирсең ѳзүңдү кечир да андар ары кадам ташта. Жашоо ушунчалык кызыктуу жана кооз. Ѳз колуң менен аны тозокко айландырба.
Ссылка: https://barometr.kg/bul-turmushta-zheil-zhashoonun-syrlary
Добавить комментарий ×