Бишкекте ташып келген автоунааларын бажылык тариздөөдөн дем алышсыз өткөрсө болот
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы “Түндүк-Чыгыш” бажысынын “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайында кошумча автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдөн өткөрсө боло тургандыгын маалымдайт.
2019-жылдын 31-декабрь күнү жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт.
Ушуга байланыштуу автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо үчүн, Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк-Чыгыш” бажысынын Бишкек шаарынын Кожевенная 74 дарегинде жайгашкан “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайында жеке жактар ташып келген автоунааларын бажылык тариздөөдөн өткөрсө болоорун кабарлайбыз.
Бул “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайынын иш убактысы 2019-жылдын 31-декабрына чейин 9:00дон 24:00гө чейин дем алышсыз иштейт.
Добавить комментарий ×