БШК: Талапкерлер менен партияларды каттоо 29-октябрга чейин уланат
29-октябрга чейин Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турган талапкерлер менен партияларды каттоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкекте болгон иш-чаранын маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Ал 75 партия БШКга шайлоого катышууга билдирме берип, бирок 21 партия документ тапшырганын белгилеп өттү.
“Бир мандаттуу округдар боюнча 381 талапкер билдирме берип, 334 талапкер документтерин тапшырды. Азыр каттоо иштери жүрүп жатат, ал 29-октябрга чейин уланат”,-деп айтты Шайлдабекова.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өткөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bshk-talapkerler-menen-partiyalardy-kattoo-29-oktyabrga-chejin-ulanat
Добавить комментарий ×