БШК: Президенттикке талапкер 21 жаран кол тамгаларын тапшырды

4 декабрь 2020 10:15 738 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн кезектеги этабы аяктады. 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59га карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 21 талапкердин кол тизмелери келип түшкөн:

1. Бабур Тольбаев – 58 029 кол;

2. Садыр Жапаров – 59 998 кол;

3. Аймен Касенов – 46 270 кол;

4. Арстанбек Абдылдаев – 47 998 кол;

5. Равшан Джеенбеков – 39 874 кол;

6. Курсан  Асанов – 43 864 кол;

7. Элдар Абакиров – 43 630 кол;

8. Адахан Мадумаров - 39 856 кол;

9. Абдил Сегизбаев - 55 480 кол;

10. Кубан Чороев – 39 053 кол;

11. Жеңишбек Байгуттиев - 51 896 кол;

12. Мыктыбек Арстанбек – 33 083 кол;

13. Клара Сооронкулова – 33 458 кол;

14. Рашид Тагаев – 40 651 кол;

15. Бактыбек Калмаматов – 35 300 кол;

16. Каныбек Иманалиев – 35 658 кол;

17. Имамидин Ташов – 39 493 кол;

18. Кубанычбек Токтосунов – 30 106 кол;

19. Улукбек Кочкоров – 43 804 кол;

20. Канатбек Исаев – 38 987 кол.

Ал, эми белгиленген чекке жетпей калган талапкер С.Ибраевдин 15 033 кол топтоп шайлоого катышуу укугунан четтетилди. Буга байланыштуу кол коюлган барактар ушул талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-пунктунун, "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колу менен колдоого алынышы керек. Ошол эле учурда тапшырылган кол тамгалардын саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашпашы керек.

Кыргыз Республикасынын БШКнын кол тизмелерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 8 календардык күндүн ичинде берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерет.

БШК каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери менен колтамгалардын аныктыгын текшерет.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-prezidenttikke-talapker-21-zharan-kol-tamgalaryn-tapshyrdy



Добавить комментарий