БШК алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн ЕККУнун 12 мүчөсү келгенин айтты
Бүгүн, 8-сентябрда алдыда өтө турган парламенттик шайлоодо байкоо жүргүзө турган миссиянын жетекчиси Бозеруп Томас Вильгельм башында турган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) мүчөлөрү менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жолукту. Жыйында 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону мониторингдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бозеруп Томас Вильгельм Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ЕККУнун 12 эксперттен турган тобу Бишкекке 2-сентябрда келген. Кийинки жумада 18 байкоочу Кыргызстанга узак мөөнөткө келиши күтүлүүдө, алар өлкө боюнча аймактарга бөлүштүрүлөт.
Боршайкомдун төрайымы алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгү үгүт иштерин каржылоонун ачык-айкындуулугун белгилеп, партиянын фондундагы акча тууралуу маалымат ачык көрүнүп турарын, азыр мониторинг жүргүзүү методикасы даярдалып жатканын айтты.
Мыйзамдарга ылайык, бул шайлоолордо дебаттардын саны көбөйтүлдү, бирок концерт, конкурс жана башка түрдөгү үгүт форматтарынын саны чектелүү. Мыйзамда дебаттардын саны талапкерлерге берилген акысыз эфирдик убакыттын жарымынан кем эмес болушу керек деген норма киргизилген.
Кийинки жумадан баштап телеканалдарда дебаттык программа башталат, анда жаштардын дебаттары, аял талапкерлердин дебаттары жана лидерлердин жалпы улуттук дебаты камтылат.
Томас Бозеруп белгилегендей, ушуну менен уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы 12-шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп жатышат, негизги максат – эркиндиктин камсыз болушуна көз салуу.
Жолугушууда ЕККУ (ДИАУБ) байкоочулары үчүн БШК тарабынан шайлоо процессинин ар кандай маанилүү аспектилери боюнча брифингдерди өткөрүп турууну макулдашышты.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 15 саясий партия катышууда.
Добавить комментарий ×