Өбүшүү дартка даба
Филематология- деген илим бар экенин билесиңерби? Көпчүлүгүбүз биринчи угуп жатабыз, чынбы. Бул илимдин алкагында иштеген адамдар кандай бактылуу. Анткени филематология- өбүшүүнүн ден соолука тийгизген таасирин аныктаган илим. Бул илим менен эмгектенген окумуштуулар тастыкташты, өбүшүү ден соолукка абдан пайдалуу, өбүшүү жүрөк кан тамырларын жана булчуңдарын бекемдейт. Массаждоо сыяктуу таасир берет. Өбүшүп жатканда айымдын жүрөгү бир минута 120-180 ылдамдыкта согот, ал эми эркектики 110-220.
Сулуулук тармагында эмгектенген адистер дагы өбүшүү беттин булчуңдарын чындайт жана анын эсебинен теринин ийкемдүүлүгүн жогорулайт деп кошумчалап келишет.
Тиш дарыгерлери, өбүшүп жатканда бири биринин шилекейиндеги бактериялар менен алмашуусу иммунитетти бекемдейт деп тактыкташат. Мында организим чочун вирустарга жана микробдорго каршы турууга үйрөнөт. Табигий антибиотиктердин эсебинин шилекейдин химиялык курамы ооз көңдөйүндөгү кычкылдуулукту турукташтырат жана бул тиштин кариес жол бербейт.
Өбүшүүдө өпкөлөрдө желденүү жакшырат, бул трахеит жана бронхит ооруларына эң мыкты профилактика болуп саналат. Себеби өбүшүп жаткан адам 60 жакын дем алуу жана дем чыгарууну жасайт, бул дем алуу органдары үчүн табылгыс гимнастика.
Эгер сиздин өбүшө турган кишиниз бар болсо - анда сиз бактылуу адамсыз!
Ссылка: https://barometr.kg/bsh-dartka-daba
Добавить комментарий ×