Босогодо жай мезгили. Бүгүн түндө Чоң – Кеминде кар түштү
Бөлүшүү:
Бүгүн түндө Чоң – Кеминде калыңдыгы 10 см жеткен кар түштү. Бул тууралуу окурман кабарлады. Анын айтымында, термометрдин көрсөткүчү түндө 0 градус болсо, азыр +2 градусту көрсөтүп турат.
Чоң-Кемин өрөөнү Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан жана ал кыргызстандагы тоолуу аймактардын бири катары саналат.
“Мен ал жакта төрөлүп, чоңойгонмун. Бизде дайыма суук. Бирок, 24-майда кар жаашы Кемин үчүчн да күтүлбөгөн көрүнүш. Азыр кардан киши жазап жатабыз” - дейт окурман.
Ссылка: https://barometr.kg/bosogodo-zhaj-mezgili-bgn-tnd-cho-keminde-kar-tsht
Добавить комментарий ×