Боорго пайдалуу жана тазалоочу азыктар

24 январь 2023 08:15 6691 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Боор- бул адам баласынын организмине тамак- аш аркылуу кирген зыяндуу жана пайдалуу заттарды өз- өзүнчө бөлүп фильтр сыяктуу кызмат кылат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Андыктан боор өтө маанилүү органдардын бири жана ага талапка ылайык туура кам көрө билүү зарыл. Андыктан боор үчүн пайдалуу азыктардын түрүн билип алып, аны күнүмдүк кабыл алган тамак- ашыңызга кошуп пайдаланыңыз.

Деңиз капустасы

Деңиз капустасынан жасалган салаттын 5 пайыздык курамын альгинаттар түзөт. Ал, организмдеги зыяндуу заттарды ээритүүгө түрткү берет. Кандагы холестреиндин деңгээлин төмөндөтөт жана калкан бездеринин иштешин жакшыртат. Анткени деңиз капустасынын курамы йодго бай келет.

Майсыздандырылган сүт азыктары

Йогурт, кефир жана ряженка боор үчүн эң эле пайдалуу сүтазыктары болуп эсептелет. Алар организмдеги токсиндерди айдап чыгат жана ичегилердеги микрофлордун жакшцы иштешине шарт түзүп берет.

Зайтун майы

Зайтун майы боорго 100 пайыз пайдалуу келет. Курамындагы антиоксидант, Е витамини таксиндерден арылтып, организмди зыяндуу заттардан эң жакшы коргойт. Андыктан салатка майонез эмес зайтун майын кошуп пайдаланыңыз. Мындан сырткары зыгыр майы дагы өтө пайдалуу.

Белоктун булагы болуп, майсыз эт азыктары, балык жана жумуртка кирет.


Ссылка: https://barometr.kg/boorgo-pajdaluu-zhana-tazaloochu-azyktar



Добавить комментарий