Болотбек Дыйканбаев: “Азаттык” партиясында дүйнө таанымы кең, мамлекетчил инсандар бар

24 ноябрь 2021 12:05 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл сынчылардан тажап, маселени чече алган, туура сунуш бере алган адамдарды парламенттен көргүсү келип калды.Мындай пикирин Жогорку Кеңешке шайлоого аттанып жаткан “Азаттык” партиясынан талапкер Болотбек Дыйканбаев маектешүү учурунда билдирди. 

Аталган партия Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.

– Болотбек ага, “Азаттык” партиясы шайлоого аттанган башка партиялардан эмнеси менен айырмаланат?

– “Азаттык” партиясынын  башка партиялардан айырмасы чоң. Айтайын дегеним, “Азаттык” партиясындагы талапкерлер  президентти жамандап же премьер министрди сындап, бийликти каралабайт. Факты менен гана  сүйлөп, сунуштарды гана айтат. Тарыхта Бакай –Ата Манаска туура  сунуштарды берип, адилеттүү сөздөрдү айтып, калыстыкты туу тутчу. “Азаттык” партиясы буюрса, Бакай-Атадай адилеттүү сүйлөп, калыстыкты туу туткан, туура кеңеш берген, жападан жалгыз партия  болот.

– Эмне үчүн башка партияны эмес, “Азаттык” партиясын тандадыңыз?

– “Азаттык” партиясында  “караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” дүйнө таанымы кең, мамлекетчил инсандар бар. Курамы курч болгону  үчүн ушул партияны тандадым. Партиянын катарында диний жактан билимдүү, илимдүү Мыктыбек Арстанбек бар. Саясатта такшалган Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан бар. Эң негизгиси партиянын башында аксакалы, акылманы  көз карандысыз кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө опол-тоодой чоң салым кошкон Медаткан Шеримкулов бар. Партиянын курамындагы аксакалдар да, орто муун, кичүү муундун баары эл үчүн иштейм деген инсандар болгон  үчүн “Азаттык” партиясынын катарына кошулдум.

– Региондорго чыгып, жолугушууларды уюштуруп жатасыздар. Эл “Азаттык” партиясын кандай кабыл алып жатат?

– “Азаттык” партиясын региондордо жылуу маанайда тосуп, жакшы кабыл алып жатышат. Анткени, азаттык деген сөздүн өзү сыйкырдуу. Айтайын дегеним, азаттык деген сөз элдин азаттыгы, бейпилдиги, эркиндиги дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн кайда барбайлы “Азаттык” партиясын жакшы кабыл алып, ак баталарын берип узатып жатышат.

– Болот ага, эл эмне үчүн “Азаттык” партиясын тандашы керек?

– Эл сынчылардан тажап, маселени чече алган, туура сунуш бере алган адамдарды парламенттен көргүсү келип калды. Биз кыргыз саясатында туура кеңеш берген, адилеттүү сунуштарды айткан миссияны аткарабыз. Ошон үчүн   элдер шайлоо күнү “Азаттык” партиясын тандап, добушун бериши  керек.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/bolotbek-dyjkanbaev-azattyk-partiyasynda-karagyda-kz-tapkan-kapiletten-sz-tapkan-djn-taanymy-ke-mamleketchil-insandar-bar



Добавить комментарий