Бишкектин борборунда унаа казылган чуңкурга түшүп кетти
Бөлүшүү:
Бишкектин борборунда унаа жол ортосуна казылган чуңкурга түшүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Бүгүн, 18-июлда болжол менен саат 4:40та Honda Stepwgn унаасы Турусбеков көчөсү менен бара жатып артка кайрылайын деген учурда Токтогул көчөсү менен кесилишкен жерде чуңкурга кулап түшкөн.
Айдоочунун абалы жакшы, ал спирти ичимдигин колдогон эмес. Териштирүү жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-borborunda-unaa-kazylgan-chukurga-tshp-ketti
Добавить комментарий ×