Бишкектин батышында чыккан өрттөн жабыркагандар жок

15 март 2019 16:43 1040 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин батышындагы өрт өчүрүлдү. ӨКМдин маалыматы боюнча, Архангельск көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 12:06 түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, штаб жана саат 12:30 ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жерине милициянын жана Тазалык ишканасынан суу ташуучу унаалары тартылган.

Өрттүн кесепетинен 1 турак жай бөлүгү менен 2 турак жайдын чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн.

Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-batyshynda-chykkan-rttn-zhabyrkagandar-zhok



Добавить комментарий