Бишкектеги ижарага алынган батирден издөөдө жүргөн жаран кармалды
Чүй облусунун ИИБнын жана Кемин РИИБдин ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Кемин райондук соту тарабынан издөөгө алынган жаранды колго түшүрүштү.
2022-жылдын январь айында, Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыялап, жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча материал келип түшкөн.
Издөөдө алынган жаран 2019-жылдын май айында болгон жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуп, анын кесепетинен 4 адам каза болгондугуна байланыштуу, соттун чечими менен эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтарды каттоо журналынын катталган. 2022-жылдын 16-майында көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө
Бишкек шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринен издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Р.У., кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-izharaga-alyngan-batirden-izdd-zhrgn-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×