Бишкектеги борбордук мечиттин Түркия менен Кыргызстандын президенттеринин катышуусунда бүгүн ачылышы болду
Бөлүшүү:
Расмий визиттин экинчи күнү Түркия менен Кыргызстандын президенттери Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес форумга катышышты жана Бишкек шаарындагы борбордук мечитти ачышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайып Эрдоган ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медициналык факультетинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салышты.
Визиттин программасына ылайык, бүгүн, 2-сентябрда Режеп Тайып Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана спикер Дастан Жумабеков менен жолугушту.
Добавить комментарий ×