Бишкекте жергиликтүү соттордун 7 судьясы дайындалды

15 июль 2020 15:07 531 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан  Сооронбай Жээнбековдун атына Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

"Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 7 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчы 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 7 талапкер боюнча президентин жарлыктары кабыл алынды.

Биринчи Жарлык менен тандалып алынган 7 талапкер Конституцияда белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:

Абдуллаев Болотбек Абдырахманович;

Архарова Кымбат Кадыровна;

Жаналиев Бекболот Болотбекович;

Жээнбекова Альбина Бакеновна;

Жогоштиева Аида Токтосуновна;

Назаров Дамирбек Дүйшоевич;

Эсенбаев Нурлан Бердибекович.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhergilikt-sottordun-bir-katar-sudyalary-dajyndaldy



Добавить комментарий