Бишкекте 2-класстын окуучуларына пиротехникалык заттарды колдонуу эрежелерин үйрөтүштү

21 декабрь 2019 12:09 2395 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кышкы каникулдар болоор алдында 2019 жылдын 20-декабрь күнү Жашы жете электердин арасындагы укук буузулардын алдын алуу борборунун (ЖУАБ)имаратында ЖУАБ кызматкелери Бишкек шаарынын №96 орто мектебинин 2-классынын окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча практикалык сабактарды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин эстешип, кантип жолдо өзүн алып жүрүү жана кантип жол чырагын колдонуу боюнча эрежелерин бышыкташты. 

Ошондой эле Жаны жыл майрамында жарылуучу пиротехникалык заттарды колдонуу эрежелери түшүндүрүлдү. Сабакты бышыктап жатып, окуучулар жолдо жүрүү жана пиротехникалык заттарды колдонуу эрежелерин сакталышын убадалашты. Сабактын аягында окуучуларга белектер жана таттуулар тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhash-baldarga-praktikalyk-sabaktar-tld



Добавить комментарий