Бишкекте сойкукана ачып алган кожойке колго түштү

27 май 2018 00:05 930 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өткөн бейшемби күнү, 24-майда Октябрь районунун ИИБине узак убакыттан бери белгисиз аял мейманкана түрүн жамынып борбордук көчөлөрдүн биринде сойкулук жана интим кызматын көрсөтүүчүлөрдүн чордонун түзүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт Октябрь райондук ИИБи тарабынан каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Сойкукана кармоо жана уюштуруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган дарек боюнча сойкукананын бар экендигин жана ал уюшулгандыгын аныктоо үчүн санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери оперативдик иликтөө иштерин жүргүзүп, сойкукана уюштурган деп шектелүүчүнү колго түшүрүштү. Ал 1973-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран болуп чыккан.

Тинтүү учурунда далил катары бойго бүтүрбөөчү заттар жана дептердеги жазуулар табылган. Ошондой эле интим кызматын көргөзүп жүргөн 2 кыз кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sojkukana-achyp-algan-kozhojke-kolgo-tsht



Добавить комментарий