Бишкекте сасык тумоо күч алып ооруканада орун жетпей калууда

19 ноябрь 2018 11:00 1051 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу маалыматты республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, медициналык жардамга кайрылгандардын саны көп болгондуктан жаткыруучу орундар жетпей калган. Ага байланыштуу дерматовенерология борборунда кошумча 35 орун уюштурулду. Аалиев вирустун башталышында эле ооруканаларга кайрылып, өз алдынча дарыланбоого чакырат.

Белгилеп кетсек, буга чейин саламаттыкты сактоо министрлиги республикада сасык тумоонун толкуну ноябрда башталат деп билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sasyk-tumoo-kch-alyp-oorukanada-orun-zhetpej-kaluuda



Добавить комментарий