Бишкекте пиарчылардын эл аралык форуму өтүп жатат

6 июль 2019 15:04 605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 5-июлдан баштап Бишкекте “Борбор Азия PR форум-2019, Стартегиялык коммуникациялар: тууну жоготпой жеңүүнүн искусствосу”  деп аталган иш-чара башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Үч күнгө улана турган бул иш-чаранын максаты Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда маалыматтык-коммуникациялык аянтчаны түзүү болуп саналат. Форумга Казакстан, Россия, Украина, Тажикистан жана Кыргызстандын коммуникация тармагындагы кесипкөй дизайнерлер, пиарга байланыштуу мекемелеринин жетекчилери, эксперттер, ЖМК өкүлдөрү жана башкалар келип, учурдагы кездешип жаткан тоскоолдуктар жана аны жеңип чыгуу жолдору, заманбап технологиялар, санариптештирүүнүн жетишкендиктери тууралуу ойлору менен бөлүшүүдө.

Иш-чара быйыл 3-ирет Кыргызстанда өтүп жатат. Аны ТАГС коммуникациялар борбору уюштурган.

Анын жетекчиси Софья Балакинанын айтымында, аталган иш-чара пиар кызматында иштегендер үчүн маалымат алмашуучу уникалдуу мүмкүндүк. Анткени, форумдун жүрүшүндө жергиликтүү жана эл аралык адистер тажрыйба алмашуу менен бирге күн сайын өнүгүп келе жаткан заманбап технологиялардын өзгөчөлүктөрү, келечек пландары тууралуу маалымат алышат. Мындан сырткары кантип контент түзүү керек, жеке бренд кантип түзүлөт, сөздүн  күчү менен иштөө, кантип интервью берүү керек деген сыяктуу атайын мастер- класстар уюштурулат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-piarchylardyn-el-aralyk-forumu-tp-zhatat



Добавить комментарий