Видео. Бишкекте “Нур” эмерек фабрикасы өрттөнүп кетти

28 март 2019 21:17 994 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Төкөлдөш аймагында жайгашкан “Нур” эмерек фарикасында өрт чыкты. Бул тууралуу, бүгүн 28-мартта Barometr.kgге окуянын күбөлөрү маалымдашты.

Өрт өчүргүчтөр окуя болгон жерге  саат 19:22де жетишти.

Кызматкерлер өрт өчүргүчтөр келгенче имараттан буюмдарды алып чыгышты. Биринчи кезекте кислород баллондору, кеңсе буюмдары коопсуз жайга көчүрүлдү.

Үч өрт өчүрүүчү унаа жеринде иштеди. Алдын ал маалыматтар боюнча курмандыктар болгон жок.

Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы барды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-nur-emerek-fabrikasy-rttnp-ketti



Добавить комментарий