Бишкекте куураган чөп өрттөнүп, андан бир адам жабыркады
Бөлүшүү:
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте 49 жаштагы жаран куураган чөптөн чыккан өрттөн жабыркады.
Маалым болгондой, өрт кечээ 28-августта катталган. Бишкектин Ленин районунун Жал кичи районундагы 15-үйдүн жанында ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн натыйжасында 1969-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши бутунан күйүк алып, "Тез жардам" кызматы аркылуу №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kuuragan-chp-rttnp-andan-bir-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×