Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир киши кулап кетти
Бөлүшүү:
Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир киши кулап кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Памир Строй» курулуш компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 30 метр бийиктиктен 33 жаштагы киши кулап кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kurulup-zhatkan-kp-kabattuu-jdn-bir-kishi-kulap-ketti
Добавить комментарий ×