Бишкекте бүтпөй жаткан тротуарлар тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы билдирүү жасады

25 октябрь 2023 11:50 505 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте казылып, бирок бүтпөй жатат делген тротуарлар тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирүү жасады. Бул тууралуу  “Барометр” маалымдайт.

Орунбековго, фейсбук социалдык тармагы аркылуу “Бишкектин тротуарларын казып салып, ремонт ишин жүргүзбөй жатышат. Аягына чыкпагандан кийин казбай эле койбойбу!?”-деген нааразычылыктарын билгизген билдирүүлөр көп келген.  

“Бул тууралуу тийешелүү тармактар түшүндүрмө берип жатат, мен дагы кошумчалап кетейин.

Бишкек мэриясы 2023-жылга калаанын 22 көчөсүнүн тротуарларын капиталдык ремонттон өткөрүүнү пландаган. Ал жумуштар эбак эле аткарылып бүтүп, кийин кошумча дагы 21 көчө пландан тышкары кошулуп, учурда тротуарлар жасалууда. Күн сууктап кеткенге чейин бүткөрүлөт. Убактылуу ыңгайсыздык болгону менен, мурдагы тешилген жолдордун ордуна – зыңгыраган тротуарлар пайда болот. Андыктан шаардын тургундары, коноктор туура түшүнүү менен сабыр кылып туруңуздар.

Ошентип пландалган 22 көчөгө дагы 21 көчө кошулуп, жалпы 43 көчөнүн тротуары капиталдык ремонттон өтөт. Демек, пландан эки эсе көп жумуш жасалууда”, -деп айтылат билдирүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kazylyp-birok-btpj-zhatat-delgen-trotuarlar-tuuraluu-prezidenttin-maalymat-kyzmatynyn-bashchysy-orunbekov-bildir-zhasady



Добавить комментарий