Бишкекте каратэ-до боюнча эл аралык турнир өттү

15 февраль 2023 11:06 618 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте каратэ-до боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 10-февралдан 12-февралга чейин «Газпром балдарга» спорттук-эс алуу комплексинде WKF каратэ-до боюнча «Bishkek Open-2023» XV Эл аралык турнири өттү.

“Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасында каратэни жайылтуу жана өнүктүрүү, коңшу мамлекеттердин достук байланышын чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана машыктыруучулардын тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү болуп саналат. Бул турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Россиядан келген 26 команда катышкан. Жаш курактары 5 жаштан 18 жашка чейинки жана андан улуу 800дөн ашык спортчулар катышты.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин  директору Жоомарт Шамканов чет мамлекеттердин делегация башчылары менен  ардактуу конок  катары катышты. Бишкек шаардык каратэ-до федерациясынын президенти Казанов Д.В. тарабынан эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине, чет мамлекеттердин делегация башчыларына эстелик белектер тапшырылды”, -деп айтылат маалыматта.

Командалык эсепте турнирдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

1-орун - Каратэ клубу "Кейхатсу" Бишкек (Кыргызстан) - 19 алтын, 13 күмүш, 37 коло медаль;

2-орун - Жамбыл облусунун командасы (Казакстан) - 15 алтын, 10 күмүш, 16 коло медаль;

3-орун – Чымкент шаарынын командасы (Казакстан) - 11 алтын, 15 күмүш, 18 коло медаль.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-karate-do-boyuncha-el-aralyk-turnir-tt



Добавить комментарий